Этил спиртин өндүрүүгө жана сатууга 100% мамлекеттик монополия киргизилет

Президент Садыр Жапаров "Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатуу чөйрөсүндө натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу, этил спиртин контрабандалык ташып келүүгө жана контрафакттык продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланууга бөгөт коюу, республикалык бюджетке салыктык төлөмдөрдүн толук түшүүсүн камсыз кылуу, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдарды сактоо, калктын саламаттыгын коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополия киргизилсин.

2. "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жана импорттолгон этил спиртин сатууга эксклюзивдүү укук берилсин.

Этил спиртин колдонгон чарба жүргүзүүчү субъекттер эки жумалык мөөнөттө "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына этил спиртин берүүгө жана сатууга колдонуудагы контракттарды макулдашуу үчүн берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик) түзүлсүн.

4. Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин негизги милдети этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга мамлекеттик монополияны жүзөгө ашыруу, этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо болуп саналат деп белгиленсин.

5. Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттикке төмөнкү функциялар жүктөлсүн:

- этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүүнү, жүгүртүүнү, импорттоону жана экспорттоону лицензиялоо;

- этил спиртинин жана алкоголдук продукциянын импортун квоталоо;

- этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүүгө, жүгүртүүгө, алардын сапатына жана коопсуздугуна мамлекеттик контролду уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;

- этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүү, жүгүртүү, импорттоо жана экспорттоо жаатында мамлекеттик эсепке алууну жана отчеттуулукту уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;

- этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана лицензиялык талаптарда жана техникалык регламенттерде каралган шарттардын сакталышын контролдоо;

- этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүүнү жана/же жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу чарбакер субъекттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте текшерүүлөрдү жүргүзүү;

- этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, сактоо, жылдыруу жана сатуу чөйрөсүндө керектөөчүлөрдүн жана ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуучу чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу.

6. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"– Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик".

7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө:

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону бекитсин;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна "Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга мамлекеттик монополия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун киргизсин;

- ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук, финансылык жана башка маселелерди белгиленген тартипте чечсин, ошондой эле мурда кабыл алынган чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД