Бишкектик 230 окуучу Ысык-Көлдө эс алат

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан 12-21-июль күндөрү Ысык-Көлдүн жээгиндеги "Жалын" балдардын ден соолукту чыңдоо комплексинде Бишкек балдары үчүн эс алуу уюштурулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көлдө жалпы билим берүүчү уюмдардын 8 жаштан 14 жашка чейин 230 окуучусу эс алат.

Булар-Бишкек шаарынын мектептеринде социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдүн категорияларынан окуган балдар: жетим балдар, жарым жетим балдар, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ата-энеси ДМЧА болгон балдар, ошондой эле окуунун отличниктери, шаардык жана эл аралык сынактардын жана мелдештердин активисттери жана жеңүүчүлөрү.

Эс алуу жайкы мезгилде балдардын эс алуусун, ден соолугун чындоону жана бош убактысын туура пайдаланууну камсыз кылуу, жашы жете электердин арасында укук бузуулардын жана кароосуз калуунун алдын алуу максатында уюштурулууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД