Курманбек Бакиев: "Мен акталышыма 100 пайыз ишенем" (видео)

Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиев Белорусиядан "Жаңы ордо" басылмасына маек берген.

"Белорусия менин экинчи мекеним болуп калды", - деген Курманбек Бакиев сотко деле катышмакмын деп жооп берген.

"Эгер бийлик макул болсо, мен адвокат жалдайм. Ал мага коюлган айыптар менен таанышып чыксын. Ачык сот процесси болсун, мен бул жактан туруп видеоконференция аркылуу катышам. Кааласа, экранды көчөгө койсун, каалаган суроолорун берсин, мен жооп берем. Эгерде акыйкат сот болсо, мен акталышыма 100 пайыз ишенем", - деген ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД