Ниязбековдун Жалал-Абаддын тургундары менен жолугушуусу жыйынтыкталды

Улан Ниязбековдун Жалал-Абад облусунун жашоочулары менен жолугушуусу жыйынтыкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 6-7-8-июль күндөрү өлкө башчысы Садыр Жапаровдун элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө жана жарандардын турмуш-тиричилигине байланышкан маселелеринен кабар алуу жана аны чечүү тапшырмасын аткаруу үчүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин, Ички иштер министри Улан Ниязбековдун, Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин облустун жашоочулары менен жолугушуулары жыйынтыкталды.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков жогоруда аталган жетекчилер менен бирдикте Токтогул, Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондору жана Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Кара-Көл шаарларынын тургундары менен жолугушуп, алардын укук коргоо органдарына тиешелүү бардык суроо, сунуш жана көзөмөлгө ала турган жагдайларды угуп, аны чечүүнү тез арада колго ала тургандыгын убада кылып келди.

Жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундар Майлуу-Суу ШИИБде милиция кызматкерлери жетишсиз экендигин айтып, шаар арасында участкалык инспекторлорун кошумча берүү жана бул шаарга кызмат өтөөгө келишкен милиция кызматкерлери аз убакыт иштеп эле кетип калып жаткандыгын айтышып, мүмкүн болсо тажрыйбалуу кызматкерлер 5 жылдан иштеп берүү жагын карап берүүнү өтүнүшкөн.

Ал эми, 6-июль күнү Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын "Энергетик" маданият үйүндө жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушууда, жарандар милиция тарабынан жакындан сервистик тейлөө көрсөтүлүп жаткандыгын айтышып, ошондой эле милициянын көчмө кабылдамасы ушул жылдын апрель айында шаарга алынып келинип, шаар тургундарын кыдырып, көчмө кабылдама менен көйгөйлүү маселелерди жеринде кабыл алып чечип, башка социалдык арыз-даттануулар тиешелүү мекемелерге жөнөтүлгөндүгүн белгилешкен. "Милициянын көчмө кабылдама автоунаасы эскилиги жетип, тез-тез эле бузулуп калгандыгын, мүмкүн болсо автоунааны жаӊылап берсеӊиз",-деп сунуш менен шаардык ак сакалдар кеӊешинин төрагасы К.Көлбаев кайрылуу жасаган.

Таш-Көмүр шаарындагы жолугушууда ИИМдин ардагери А.Апсаматов кайрылуу жасап, Таш-Көмүр шаарында жайдын күнү июнь, июль айларында абанын температурасы 40-42 градуска жеткендиктен жана турак жай маселеси оор болгондуктан Таш-Көмүр шаарында кызмат өтөгөн кызматкерлерге 1 жылын 1,5 жылга теӊеп берүүнү айткан. Ошол себептен жогорудагы маселелерден улам Таш-Көмүр ШИИБне кызмат өтөгөнү келген кызматкерлердин жашаган турак жайлары жок болгондуктан башка шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүнө которулуп кетип жаткандыгы, бул маселелерди чечүү үчүн Таш-Көмүр шаарынын ички иштер органдырынын кызматкерлерине турак жай салуу маселесин көтөргөн.

Чаткал району боюнча жолугушууда Каныш-Кыя айылынын тургуну Абдрахман Сапарбеков министрге Чаткал районунда жолдор алыс жана кооптуу болгондуктан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер жетишпегендиктен, Чаткал РИИБне кошумча кызматкерлерди берүү, кызматтык жеңил унаа жана кызматкерлердин жашоосуна кызматтык үй куруп берүүсү боюнча кайрылган.

Аксы районунун Кара-Жыгач айыл аймагынын башчысы Мамбеталы Ызаканов жана Аксы райондук этностор аралык уюмунун жетекчиси Анаркул Шырдаков дагы сөз сүйлөшүп, анда Аксы райондук ички иштер бөлүмүнө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер жетишсиз экендигин айтышып, дагы 2 штаттык бирдикти берүү маселесин чечип берүүнү сунуш кылышкан.

Ала-Бука районундагы жолугушуу учурунда Ала-Бука районунун Этностор аралык мамилелер боюнча агентигинин Ала-Бука районундагы өкүлү, милициянын ардагери Эркинбек Батыров төмөндөгү маселелер менен кайрылган: Ала-Бука РИИБдин "Көчмө кабылдама" унаасы менен бекитилген графиктин негизинде иш-чараларды уюштурууда (Ызар, Ак-Коргон, 1-Май, Көк-Серек) аймактык милиция бөлүмчөлөрүндө нөөмөтчүнүн жарадамчысы кызматтык орундар боюнча штаттык бирдиктер жок болгондуктан, алардын ордуна милициянын участкалык уполномоченыйлары кезметте жана кезметтен кийин болуп калгандыктан тосколдуктар жаралууда. Ала-Бука РИИБде айдоочулук штаттык бирдик эки кызматкер болгондуктан айдоочунун маселеси тосколдук жаратууда. Андан башка Ала-Бука РИИБне балдар менен иштөө инспектору жана милициянын учаскалык уполномоченныйларына бирден штаттык бирдикти бөлүп берүүнү суранган.

Негизинен алганда Жалал-Абад облусундагы жолугушуу элдин көйгөйүн жеринен угуп, жарандардын коопсуздугун, алардын жашоо турмушуна тиешелүү болгон бардык маселелерди жакындан угуп билип жана аны чечүүгө багытталгандыгын белгилейбиз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД