Бишкекте шахмат аллеясы пайда болот

Биринчи май районунун аймагында шахмат ойноо үчүн столдор орнотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын ортосунда шахмат аллеясынын стилинде аткарыла турган аймак көрктөндүрүлөт.

Мекемеде кыймыл мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттар түзүлүп, отургучтар жана таштанды челектери орнотулат.

Жакынкы аралыкта жайгашкан жери аныкталып, аллеянын эскиздери долбоорлонуп жатат.

"Стол оюндарынын күйөрмандары мындай шахмат аянтчасында убакыт өткөрө алышат жана келечекте чоңдор, мектеп окуучулары жана мектепке чейинки балдар үчүн шахмат ойноо боюнча турнирлерди жана мастер-класстарды өткөрүү пландалууда", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД