
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинде болгону 490 сомго ПЧР-тест тапшырууга болот. Бул тууралуу COVID-19га каршы республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүнтөн тарта бир ПЧР-тесттин баасы төмөндөтүлдү жана азырынча Оорулардын алдын алуу департаментинде гана тапшырылат.
Мурда баасы 788 сом болгон.
Ошондой эле эскерте кетсек, COVID-19га акысыз ПЧР анализ тапшыруу социалдык статусуна карата акысыз медициналык-санитардык жардам алуу укугу бар категориядагы жарандарга тийиштүү:
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;
Баткен окуяларынын катышуучуларына; Эмгектин ардагерлерине;
70 жаштан жогору улгайгандарга;
"Баатыр эне" орденинин ээлерине;
ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга - көрүүсү, угуусу боюнча 1, 2-топтун майыптарына;
18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга;
АИВ/СПИД менен жашаган адамдарга;
6 жашка чейинки балдарга;
жетим балдарга;
аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдарына.
Иш убактысы:
*анализди кабыл алуу күн сайын саат 8.30 - 15.00 чейин.;
*жыйынтыктарды берүү ошол эле күнү саат 18.00- 21.00 чейин.