Бишкекте мектеп бүтүрүүчүлөрүнө "Алтын сертификаттар" тапшырылат

Бүгүн, 13-июлда, Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" Мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө "Алтын сертификаттарды" тапшырууга байланыштуу салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара УТРКнын, республикалык телеканалдардын жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларынын түз эфиринде чагылдырылат.

Түз эфир башталышы болжол менен 18:00.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД