Кыргызстанда өткөн суткада COVID-19дун жаңы 39 учуру катталды

Кыргызстанда 13-июлга карата COVID-19дун жаңы 39 учуру катталды. Бул тууралуу COVID-19га каршы республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, анын ичинде эки жаран АКШ жана Казакстандан келген. Ал эми 27 адам оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылышкан.

Катталгандардын ичинен 14ү COVID-19га каршы эки жолу эмдөөдөн өткөн. Амбулатордук дарыланууда 34, оорукана беш адам жатат.

13-июлга карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада. Бирок акыркы жумада эффективдүү репродуктивдүү сан бирден жогору, бул оорунун көбөйө баштаганын көрсөтүп турат.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан COVID-19дун 201 миң 282 учуру катталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД