
Бишкек жана Ош шаарларындагы "Манас" жана Тамчыдагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортторунда жакын арада Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин вирусологиялык лабораторияларынын филиалдары ачылат.
Аларда изилдөөнүн баасы жеке лабораторияларга караганда бир нече эсе арзан болот. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу департаментинин жугуштуу, паразиттик оорулардын алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динагүл Оторбаева билдирди.
Ал эскерткендей, Кыргызстанга кирүү үчүн коронавирус инфекциясына ПЧР-тестти милдеттүү түрдө тапшыруу талап кылынбайт.
"Өлкөнүн, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар Кыргызстанга COVID-19га ПЧР-анализ тапшырбастан эле кире алышат. Бирок ПЧР-тест жаран бара жаткан өлкө ПЧР-тестти талап кылып калуусу мүмкүн. Бул бизге таандык укук эмес.
Мурда өлкөдөн чыккандар ыкчам тартипте аэропорттордо жеке лабораторияларда анализ тапшыра алышчу. Биз аларга иштегенге тыюу салган жокпуз, бирок эми мамлекеттик лабораторияларды ачып жатабыз. Адамдар кайсынысында ПЧР-тестти тапшыруу ыңгайлуу болорун өздөрү тандашат", - деди Оторбаева.
Башка өлкөлөргө чыгуу үчүн ПЧР-анализди Бишкек ш. Фрунзе көчөсү 535 дарегиндеги Оорулардын алдын алуу департаментинин лабораториясынан алдын ала тапшырып койгон оң.
Анализ тапшыруу пункту жумасына 7 күн дем алышсыз жана майрам күндөрү дагы иштейт, иш күндөрү анализ саат 8:30дан 15:00гө чейин, дем алыш күндөрү саат 8:30дан 12:00гө чейин тапшырылат. ПЧР-анализдин баасы 490 сом.
Зарыл анализдерди тапшырууга жетишпей калгандар гана ПЧР-изилдөөдөн ыкчам тартипте аэропорттун өзүнөн мамлекеттик лабораториядан 490 сомго өтө алышат. Жыйынтыгы 1,5-2 сааттын ичинде даяр болот. Кезектер болбош үчүн аэропортко учууга чейин 4 саат эрте келүүнү өтүнөбүз.