Президенттин төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйыны өтөт

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 14-июлда, өлкөнүн министрлер кабинетинин жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Жыйында 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында КРнын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө министрлер кабинетинин отчету угулат.

Иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери катышат.

Министрлер кабинетинин жыйыны УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын жана социалдык тармактардагы баракчалардын түз эфиринде көрсөтүлөт.

Эфир 10:00дө башталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД