COVID-19: Кыргызстанда акыркы суткада жаңы 47 учур катталды

Кыргызстанда 14-июлга карата COVID-19дун жаңы 47 учуру катталды. Бул тууралуу COVID-19га каршы Республикалык штаб билдирет.

Анын ичинде 40 адам оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылышкан, 7 кишиден өлкөдөн учууга байланыштуу ПЧР-тест тапшырууда аныкталган.

Аныкталгандардын ичинен жетөө COVID-19га каршы эки жолу эмдөөдөн өткөн. Амбулатордук дарыланууда - 46 адам, ооруканада бир бейтап жатат.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан COVID-19дун 201 миң 329 учуру катталган, адам өлүмү 1,5% түздү.

"2022-жылдын 6 ай 13 күнүндө COVID-19дун 16 миң 581 учуру аныкталды. Анын ичинде лабораториялык түрдө 14 587 (87,9%) жана 1994 (12,1%) учур – клиникалык-эпидемиологиялык (белгилерин жана ооруну жугузгандар менен байланыштарын эске алуу менен) ырасталган", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД