
Кыргызстандык 300 адам Япониянын фабрикаларына иштей алат. Мындай келишим 14-июлда Кыргызстандын Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу борборунун жетекчиси Кубандык Акматбеков менен Япониянын KOBE International Trade Promotion Association ишканасынын жетекчиси Широ Сурумакинин ортосунда түзүлдү.
Келишимге ылайык, кыргызстандык жарандар Японияга окууга жана андан ары "техникалык үйрөнгүч" программанын алкагында ишке орношууга мүмкүнчүлүк алышат.
Келишимге кол коюу жөрөлгөсүнө эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министри Кудайберген Базарбаев жана Жапониядан келген делегация катышты.