Азамат Жаманкулов эң мыкты 20 жаш лидерлердин катарына кирди

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов постсоветтик мейкиндиктин эң мыкты 20 жаш лидеринин катарына кирди.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, Москва эл аралык мамилелер боюнча мамлекеттик институту Мамлекеттик Дума жана КМШ өлкөлөрүнүн институту менен биргеликте постсоветтик мейкиндиктин жаш лидерлеринин рейтингин түздү.

Рейтингдин катышуучулары төмөнкүдөй параметрлер боюнча бааланды: ЖМКда жарыяланган макалалар, мамлекеттик сыйлыктар жана кызматтан көтөрүлүшү, кызматтык жетишкендиктери, эл аралык байланыштын деңгээли, саясий келечекке баа берүү.

Мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн эң келечектүү жаш саясатчыларынын арасына эки кыргызстандык кирди. Алар маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана ЕЭК жаштар кеңешинин төрагасы, ЕЭК департаменттеринин биринин директору Данияр Турусбеков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД