
Баткен облусунда 6 айдын ичинде 16916 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган. Бул тууралуу Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын 2022-жылдын 6 айын жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү. Ага Баткен ОИИБнын башчысы милициянын полковниги Мурат Боронов жана ЖКККБнын башчысы Мирлан Боенов, ошондой эле ШРИИБ боюнча ЖКККБнын башчылары катышты. Ыкчам кеңешмеде Баткен облусундагы жол кыймылынын абалы, жол кыймылынын кырсыктарынын санын азайтуу, жашы жете электердин жол кыймылынын кырсыктарына кабылуусун алдын алуу жана башка маселелер каралды.
Баткен ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан 6 айдын ичинде жол эрежелерин бузуу фактылары үчүн 16916 бузуулар жөнүндө протоколдор толтурулган.
Алардын ичинен :
- Автоунаага тийиштүү документтери жок айдоо -353;
-Мас абалында автоунаа башкаруу-351;
-Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып айдоо-45;
-Коопсуздук курун тагынбай автоунаа башкаруу-8878
- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 835 автоунаа убактылуу айып короого токтотулган.
Ошондой эле, ыкчам кеңешмеде жол кыймылынын кырсыктарын алдын алуу иштерин тынымсыз жүргүзүү, айдоочулар менен ар дайым жолугушууларды өткөрүп туруу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча маселелер дагы каралып, жетекчилик тарабынан тийиштүү бөлүмдөргө тапшырмалар коюлду.