Таласта эки адамдан күйдүргү аныкталды

Таластын Кара-Буура районунда эки жарандан күйдүргү оорусу тастыкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бейтаптардын абалы канааттандырарлык.

"Санэпидкөзөмөл департаментинин кызматкерлери үйлөрдү кыдырып, текшерүү иштерин жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Кара-Буура районунда күйдүргү оорусуна кабылды деген шек менен төрт жаран ооруканага жаткырылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД