
Кыргызстандыктар Россияга кирүүгө чектөөлөрдүн бар же жоктугун онлайн текшере алышат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Урматтуу кыргызстандыктар, Россия Федерациясына сапар алаардын алдында Россиянын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына онлайн кирип, чектөөлөрдүн бар же жоктугун текшере аласыздар.
Текшерүүнү жүргүзүү үчүн http://services.fms.gov.ru/info-service.htm?sid=3000 дарегиндеги тиешелүү талааларга фамилиясын, атын, атасынын атын, жынысын, туулган жылын, документтин түрү жана номерин, берилген өлкөнү киргизүү зарыл.
"Сиздин сурооңузга жооп маалымат үчүн гана. Юридикалык жактан маанилүү расмий маалыматты алуу үчүн ички иштер органдарына кайрылууну сунуштайбыз.
"Сураныч жөнөтүү" баскычын басуу менен, сиз Россия Федерациясынын 2006-жылдын 27-июлундагы № 152-ФЗ Мыйзамына ылайык, жеке маалыматтарыңызды Россиянын Ички иштер министрлигине өткөрүп берүүгө жана иштетүүгө макулдугуңузду билдиресиз", - деп айтылат маалыматта.