
Терроризмге каршы күрөшүү боюнча америкалык адистер соттолгон радикалдар жазасын өтөп жаткан Молдовановкадагы №27 түзөтүү мекемесинде болушту. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Америка Кошмо Штаттарынан өкүлчүлүгүнүн делегациясы Кыргызстандагы "Чет мамлекеттердин аймагындагы куралдуу кагылышууларга жана согуштук аракеттерге катышкан соттолгондор менен иштөө программасынын" аткарылышы менен таанышты. Долбоор КР Юстиция министрлиги, Жаза аткаруу кызматы жана БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча Кыргыз Республикасындагы башкармалыгынын ортосунда кол коюлган.
Чет өлкөлүк эксперттер тобуна АКШнын Мамлекеттик департаментинин, бул өлкөнүн Кыргыз Республикасындагы элчилигинин, БУУ БКБнын өкүлдөрү кирди.
Негизги жолугушуулардын бири Юстиция министрлигинде болуп, анда ЖАКнын төрагасынын биринчи орун басары, и/к полковниги Кемель Садыков эл аралык өнөктөштөргө Кыргыз Республикасынын пенитенциардык тутумун реформалоого жана жакшыртууга көрсөткөн колдоосу жана көрсөтүлгөн техникалык колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын пенитенциардык практикасына киргизилип жаткан соттолгондор менен иштөөнүн прогрессивдүү ыкмалары жөнүндө маалымат берди. Алар жасалган кылмыштардын оордугуна, тигил же бул уюмга таандыктыгы, агымы, идеологиясы, психологиялык абалы жана соттолгондун социалдык деңгээли, тараптардын конструктивдүү таасирин кабыл алуу деңгээлине жараша соттолгондор менен иштөөдө дифференцияланган мамилени камсыз кылат.
Ошону менен бирге К.Садыков түзөтүү мекемелеринин физикалык, процессуалдык жана динамикалык коопсуздугун жакшыртууну караган долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Кызматташтыкты чыңдоо боюнча ЖАКнын конкреттүү сунуштары да айтылды. Тактап айтканда:
соттолгондорду жана камакта жаткан адамдарды кармоо шарттарын жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун инфраструктурасын өнүктүрүү;
коргоо системасын өркүндөтүү үчүн түзөтүү мекемелерин коргоонун жана көзөмөлдөөнүн инженердик-техникалык каражаттары менен бекемдөө жана жабдуу;
соттолгондорду эмгекке тартуу жана иштеп жаткан кесиптерин өркүндөтүү аркылуу коомго реинтеграциялоо жолу менен жаза өтөө үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.