
Жалал-Абад областынын түзөтүү мекемелеринин биринде бал өндүрүлүп, пескоблок чыгарып жатат. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Токтогул районундагы №52 жатак абагынын кызматкерлери буга чейин мекеменин аймагын тазалап, 20га жакын жүк ташуучу унаа таштандыларды чыгарып, анын ооюдуна таза суу түтүктөрүн тартууга жетишкенин (шилтемени караңыз: http://gsin.gov.kg /certainnews/812) жана алар Торкен айылында асан-үсөн форель балыгын ийгиликтүү өстүрүү менен алектенишкенин (шилтемени караңыз: http://gsin.gov.kg/certainnews/818) жазгынбыз.
Мына эми алар атактуу, абдан пайдалуу Токтогулдун балын чыгарууну да өздөштүрүштү. Мекеменин балансында Толук айылында жайгашкан 50 бал челек бар. 2022-жылы бул таттуу азыктан 600 кг алуу пландалууда.
Мындан тышкары пескоблок чыгарууда да жолго коюлуп, ага беш соттолгон адам тартылып, эмгектенип жатат. Эсептөөлөр боюнча быйыл бул курулуш материалынан 40 миң даана чыгарылат.
Бардык иштер республикалык бюджеттен каржы коротулбастан, мекеменин атайын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүп жатат. Ошонун негизинде түшкөн таза пайда соттолгондордун шарттарын жакшыртууга жумшалат.