Ысык-Көлдө 3 миң долларга жасалма диплом жасап бергендер кармалды

Кечээ, 14-июлда жогорку окуу жайынын дипломун мыйзамсыз даярдоо жана сатууга тиешеси бар деп шектелген адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган О.А.Т., жана Б.С.М., аттуу жарандар үч миң доллар акча каражатына Ысык-Көлдөгү Москва ишкердик жана укук институтунун филиалынын жогорку билими тууралуу дипломун Л.А., аттуу жарандын атына жасап беришкен.

Шектүүлөр дипломду берип, акча каражатын алып жаткан учурда кармалышты.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД