Ысык-Көлдө браконьердин үйүнөн кара шумкар табылды

Ысык-Көлдө экологиялык милициясынын кызматкерлери жергиликтүү тургундан Кызыл китепке кирген – ылаачын жырткыч кушту таап алышты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

15-июль күнү милиция кызматкерлерине браконьерликке каршы рейд учурунда Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын тургуну үйүндө сейрек кездешүүчү канаттууну мыйзамсыз багып жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери маалыматта көрсөтүлгөн жарандын аты-жөнүн аныктап, ал 22 жаштагы жергиликтүү тургун болуп чыккан. Анын үйүнөн милиция кызматкерлери жырткыч кушту табышып, юридикалык баа берүү үчүн Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматына чогулган материалдарды өткөрүп беришкен.

Ысык-Көл регионалдык экология жана техникалык көзөмөл башкармалыгынын адистери тарабынан кармалган жырткыч куш Кызыл китепке кирген ылаачын экенин аныкташкан. Ал куш Түп районунун Николаевка айылындагы "Ителги борборуна" өткөрүп берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД