
Бакыт Шаршеев Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-июлда жаңы дайындалган мэрди президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева жамаатка тааныштырды. Ага мекемелердин жетекчилери жана облус активи катышты.
Эмгек жолу:
1986-жылы - Тянь-Шань чарбалар аралык көчмө механикалык колоннасы, жыгач уста;
1988-1996-жылдары - "Райсельремстрой" Тянь-Шань чарба аралык өндүрүш башкармалыгы, жыгач уста, бригадир, мастер;
1997-2001-жылдары - "Нарын" ЭЭА, коопсуздук кызматынын инспектору; туризм боюнча адис.
2000-2002-жылдары - "Салкын Төр" ЖЧКсы, директор;
2001-2007-жылдары - "Темир" мамлекеттик ишканасы, Нарын облусу боюнча өкүлчүлүктүн жетекчиси;
2007-2013-жылдары - "Winline" ТМ Sapatcom ЖЧКсы, башкы директор;
2013-2015-жылдары - "Ата-Журт" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты;
2015-2021-жылдары - "Техно Ресурс" ЖЧКнын башкы директору;
2021-2022-жылдары – "Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын башкы директору.
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.