
Бишкекте дагы төрт акча алмаштыруучу жайдын иши токтотулду. Мындай чечимди Улуттук банк кабыл алды.
Аталган банк түшүндүргөндөй, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн 2022-жылдын 15-июлунан 29-июлуна чейин лицензиянын колдонулушу токтотулат:
"Арена KG" ЖЧКсынын акча алмаштыруучу жай - Бөкөнбаев көчөсү, 95, 1-кабинет;
"Brent money" ЖЧКсынын, Абдрахманова көч., 119, 11-кабинет;
ОсОО "Усман Финанс" акча алмаштыруучу жайы - Абдрахманов көч., 144.
2022-жылдын 15-июлунан 21-июлуна чейин:
ЖЧК "Капитал Прогресс" акча алмаштыруучу жайы - Абдрахманов көч., 150/20.
Буга чейин Улуттук банк борбор калаадагы дагы үч акча алмаштыруу жайынын лицензиясын убактылуу токтоткон.