
"Алматы-Тамчы-Алматы" багыты боюнча кошумча авиакаттамдар ачылды. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан билдиришти.
SCAT авиакомпаниясы туруктуу каттамдарды жумасына 4 жолу – дүйшөмбү, шейшемби, жума жана ишемби күндөрү аткарып жатат.
Буга чейин айталган авиакомпания Алматыдан "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна каттамдарды дүйшөмбү жана жума күндөрү гана аткарып келген.