
Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн жаш баланы таап беришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 16-июлунда болжол менен саат 22:00 чамасында "102" кызматына "Мото" соода борборунун жанынан жаш бала жоголду деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда ошол эле күнү болжол менен саат 18:45 чамасында 2015-жылы туулган Н. А. аттуу бала байкеси соода борборуна кирип чыккынча белгисиз тарапка кетип калгандыгы аныкталган.
Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, аз убакыттын ичинде адашып жүргөн жаш баланы таап, байкесине сак-саламат жеткирип беришкен.
Инисинин табылганына сүйүнгөн агасы кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине ырахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.