Ысык-Көлдө мечитке кирген адамдын унаасын уурдап качкан жаран кармалды

Ысык-Көлдө иш-сапары менен жүргөн кайгуул кызматкерлери авто унаа уурдап качууга шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 16-июлунда Чоң-Сары-Ой айылынын 1965-жылы туулган Т. М. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Анда ошол эле күнү болжол менен саат 04:45 чамасында Чоң-Сары-Ой айылындагы мечиттин сыртына "Тойота Карина" үлгүсүндөгү авто унаасын токтотуп, таңкы намазын окууга кирип, кайра чыккан учурда авто унаасын белгисиз жаран белгисиз тарапка айдап качып кеткен.

Жазылган арыздын негизинде кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, аталган унааны Чолпон-Ата шаарынын күн чыгыш тарабынан А. Н. аттуу жаранды айдап бара жаткан жеринен кармашып, андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн, Тергөө кызматына жеткиришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД