Бүгүн, 18-июлда Кыргызстанда 2022-2023-окуу жылына жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларына абитуриенттерди каттоо башталды.
КР Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылына жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу графиги:
Сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо:
- I туру - 18-июль саат 8:00дөн 20-июль саат 14:00гө чейин;
- II туру - 25-июль саат 8:00дөн 27-июль саат 14:00гө чейин;
- III тур - 1-август саат 8:00дөн 8-август 14:00гө чейин;
- IV туру - 8-август саат 8:00дөн 10-август күнү 14:00гө чейин;
- V туру – 15-август саат 8:00дөн 20-август күнү 14:00гө чейин.
Катталгандан кийин окууга сунушталган абитуриенттердин тизмелери илинет, андан кийин абитуриенттер ЖОЖдо окуу каалоосун ырасташы керек.
Эгерде бош орундар калган болсо 22-23-24-августта, окууга сунушталган абитуриенттердин кошумча тизмелери илинет.
ЖОЖго тапшыруу жана сынакка катышуу үчүн абитуриент "Абитуриент Онлайн" автоматташтырылган маалыматтык тутумунун https://2020.edu.gov.kg/vuz сайтына катталуусу керек.