
18-июлга карата Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 88 учуру катталган. Бул тууралуу COVID-19га каршы Республикалык штабдан билдиришти.
Анын ичинде:
72 адам оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылышкан
2 адам өлкөдөн учууга байланыштуу ПЧР-тест тапшырууда аныкталган.
8 учур сырттан келгендер (Корея, Литва, Венгрия)
6 адам ооруга чалдыккандар менен байланышкандар арасында аныкталган.
Жаңы учурлар:
Бишкек ш. - 81
Жалал-Абад - 1
Чүй обл. - 6 учур.
Амбулатордук дарыланууда - 75, ооруканада жаткандар - 13.
2022-жылдын 18-июлуна карата тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык бардык облустар жашыл аймакта турушат.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан COVID-19дун 201 704 учуру катталган. 2022-жылдын 6 ай 17 күнүндө COVID-19дун 16 956 учуру катталган, анын ичинде 14 962 (88,2%) лабораториялык жана 1994 (11,8%) клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.