Күн катуу ысып, 42 градуска чейин жетет

Кыргызстандын аймагында беш күн бою күн аябай ысыйт. Бул тууралуу ӨКМге караштуу Гидрометеорология борбору билдирди.

Маалыматка караганда, өлкөдө аномалдуу ысык аба ырайы күтүлөт.

20-25-июль күндөрү абанын күндүзгү температурасы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 42 градуска, Чүйдө 41, Таласта 39, Ысык-Көлдүн ойдуңунда 34, Нарындын дыйканчылык аймактарында 29 градуска чейин жогорулайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД