
"Унаа" мамлекеттик мекемеси колдонулган жана жокко чыгарылган автоунаалардын номурларын сатуу боюнча аукцион жарыялайт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Унаа" мамлекеттик мекемесинде транспорт каражаттарынын пайдаланылган жана жокко чыгарылган мамлекеттик номурларын сатуу боюнча экинчи ачык аукцион өткөрүлөт.
Аукционго катышуу үчүн билдирмелер 2022-жылдын 15-июлунан 15-августунун саат 18:00гө чейин Бишкек ш., Ч.Валиханов көч., 2а, №5 кабинетинде кабыл алынат.
Жалпы салмагы 74601 (жетимиш төрт миң алты жүз бир) килограмм түстүү металлды (сыныктары – алюминий) түзөт.
Сатуу бирдиктүү пакетте жүргүзүлөт, бөлүштүрүүгө жол берилбейт.
1 кг баштапкы баасы: өз алдынча алып кетүү шарты менен килограммына 90 (токсон) сом.
Белгилей кетсек, металлды сатуудан түшкөн бардык каражаттар мамлекеттик бюджетке которулат.
Аукцион жана товардын турган жери боюнча толук маалыматты 0555 001015 телефон номери боюнча, ошондой эле https://mvd.gov.kg/news/1137 шилтемеси боюнча ИИМдин сайтынан алса болот.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын апрель айында "Унаа" мамлекеттик мекемеси колдонулган жана жокко чыгарылган мамлекеттик номерлерди сатуу боюнча биринчи ачык аукцион өткөргөн. Аукциондун жыйынтыгында металлды сатуудан түшкөн 11 миллион 920 миң сом өлчөмүндөгү каржы каражаттары мамлекеттик бюджетке чегерилген.