
2022-жылдын 6 айында республиканын аймактарында 3034 (3406) жол-унаа кырсыгы катталып, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу -10,9%га, анын кеспетинен каза болгондордун саны -26,4%га (337ден 248ге) жана жаракат алгандардын саны -9,6%га (5122ден 4629га) төмөндөгөн. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Статистикалык маалыматка ылайык, өткөн 2022-жылдын 6 айында катталган жол кырсыктарынын 92,4% 2803 (2984) айдоочулардын күнөөсү менен болгон.
Айдоочулардын күнөөсү менен болгон жол кырсыктарынын себептери төмөнкүчө:
- 30,5% жол кырсыгы айдоочунун жол тилкесинде туура эмес маневр жасагандыгынан;
- 24,5% жол кырсыгы айдоочунун ылдамдыкты ашыргандыгынан болуп;
- 15,5% жол кырсыгы жөө жүргүнчүлөр өткөөлдөрдөн өтүү эрежесин бузуу;
- 10,4% жол кырсыгы айдоочунун жолдун карама-каршы тилкесине чыгып озуп кеткендигинен;
- 6,5% жол кырсыгы айдоочунун транспорт каражаттарын мас абалында айдагандыгынан;
- 5,4% жол кырсыгы айдоочунун аралыкты сактабагандыгынан;
- 4,5% жол кырсыгы айдоочунун жол кесилишинде бири-бирин өткөрбөгөндүгүнөн;
- 3,8% жол кырсыгы айдоочунун жол белгилерине баш ийбегендигинен;
- 2,5% жол кырсыгы айдоочунун техникалык жактан оң абалда эмес унаа каражаттарын башкаргандыктан;
- 1,6% жол кырсыгы айдоочунун рулда уктап кеткендигинен;
- Статистикалык маалыматка ылайык катталган жол кырсыктарынын 1,3%ы жөө жүрүүчүлөрдүн күнөөсү менен болгон.