
Кадамжайда "Йакын Инкар" диний агымынын 5 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен ОИИБдин жана Кадамжай РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкерлери биргеликте жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чарасынын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Кадамжай райондук сотунун тергөө судьясынын санкциясынын негизинде Үч-Коргон айыл аймагынын тургуну 40 жаштагы Г.Шнын жашап жаткан турак үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Йакын-Инкар" диний агымдын мүчөсү катары каттоодо турган Кадамжай районунун 28 жаштагы М.У., 44 жаштагы К.А., 53 жаштагы С.М. жана Үч-Коргон айыл аймагынын тургуну (каттоодо турбаган) 32 жаштагы У.Длар 40 жаштагы Г.Шнын короосунда жайгашкан бир бөлмөлүү жашоого толук шарты жок үйүндө таңга жуук өздөрүнчө жыйын өткөрүп жаткан жеринен аныкталып кармалышты.
Алардын жанынан 26 китеп, 19 даана ар кандай маанидеги баракчалар алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.