ИИМде иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө басым жасалат

Ички иштер органдарында иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө олуттуу басым жасалат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы ички иштер министри Улан Ниязбековдун атына ыраазычылык кат жөнөткөн.

"Урматтуу Улан Омоканович! Үстүбүстөгү жылдын 21-25-июнь күндөрү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнч улуттук комиссиясы тарабынан Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жана Ош шаарындагы бир катар мамлекеттик мекеме-ишканаларда иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү боюнча жеринде каралып, мониторинг жүргүзүлдү. Ал мекемелердин ичинде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы (А. Тагаев), Ош облустук ички иштер башкармалыгы (Ж. Абитов) жана Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн (Н. Бурканов) иш кагаздары каралды.

Жыйынтыгында Жалал-Абад, Ош облустук ички иштер башкармалыктарынын жана Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүндө иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү боюнча тиешелүү шарттар түзүлгөндүгү, башкармалыктардын жетекчилери тилибизге жетишээрлик деңгээлде көңүл бургандыгы байкалды. Ошондой эле, башкармалыктарда атайын мамлекеттик тил боюнча инспектордук штаттык бирдик каралгандыгы, мекемелерде мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө чоң өбөлгө болоорун белгилейбиз.

Башкармалыктарда иш кагаздары мамлекеттик тилде сабаттуу жана сапаттуу тиешелүү ченемдик-укуктук актылардын талаптарын сактоо менен жүргүзүлүшү бул жетекчилердин өз ишин так, жоопкерчиликтүү уюштура билгендигин аныктайт жана коомчулуктун колдоосуна арзыйт.

Элибиздин мекенчил атуулу катары өзүңүздүн жетекчилик кылган укук коргоо тармагында мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымыңыздар үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жана жеке өздүмдүн атыман Сизге жана аймактардагы аты аталган кызматкерлериңизге терең ыраазычылык билдиребиз",-деген ыраазычылык катында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев.

Учурда Ички иштер министрлигинде, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарында, башкармалыктарында иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө олуттуу басым жасалып келет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД