
Кайгуул кызматы тарабынан башаламан соода кылгандар аныкталып, 36 000 айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан жол жээктерде өз алдынча күйүүчү майларды мыйзамсыз сатып жаткан жарандар аныкталып, 9 жаранга тийиштүү протокол толтурулуп, сатуучу жаран жеке жак болгондуктан ар бирине 3000 сомдон айып салынып, жол жээгинен алдырылды. Жалпы суммасы 27 000 сом. Мындай баш аламан күйүүчү май саткандардын көпчүлүгү шаарга кире бериш жерлерде, Профсоюз жана Гагарин көчөлөрүнүн күн батыш тарабында аныкталган.
Мындан сырткары жол көзөмөлдөө бөлүмү сатуучу жарандарга мындай көрүнүш мыйзамсыз экендигин, эч кандай коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы жана күн ыссык учурунда күйүүчү май күйүп жарылып кетүү коркунучу бар экендигин жана бул көрүнүш Кыргыз Республикасынын жолдор боюнча мыйзамына туура келбестигин эскертишти.
Ошондой эле жол жээгинде велосипедтерди сатып же ижарага берген 3 жаранга тийиштүү протокол толтуруу менен 9 000 сомга айып салышты.