Венгриялык компания Кыргызстанда чакан ГЭСтерди долбоорлойт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чакан гидроэлектростанцияларын долбоорлоо маселеси боюнча "A-Hid" венгриялык компаниясынын аткаруучу директору Ласло Салом менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Чакан ГЭСтерди өнүктүрүү жана куруу – министрлер кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири. Биз долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууда шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берген гидроэнергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга даярбыз", - деди Акылбек Жапаров.

Андан соң Экономика жана коммерция министрлиги, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана "A-Hid" компаниясы (Венгрия Республикасы) ортосунда Кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи өттү.

Кол коюлган келишимге ылайык, алдын ала техникалык-экономикалык негиздемени жана чакан энергетика обьектилеринин өздөрүнүн техникалык-экономикалык негиздемесин андан ары иштеп чыгуу менен чакан ГЭСтерди куруу үчүн кыйла ыңгайлуу участокторду тандоо боюнча изилдөөлөр жүргүзүлөт. Макулдашуунун алкагында Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен кичи ГЭС тармагындагы долбоорлорду каржылоо маселеси да иликтенмекчи.

Маалымат үчүн: "A-Hid" компаниясы энергетикалык объектилерди, көпүрө, автожол, темир жол, коомдук транспорт курулмалары сыяктуу инфраструктуралык объектилерди долбоорлоо менен алектенет.

Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргыз Республикасы менен Венгрия Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Уюм өз ишинде венгриялык компаниялар менен ишкер байланыштарды түзүүгө жана кызматташууга өзгөчө басым жасайт.

Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду атамекендик экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы өзүн-өзү актаган долбоорлорго жеңилдетилген кредиттерди берет. Анын уставдык капиталы 16 млн АКШ долларын түзөт.

2022-жылдын 12-майында долбоорду каржылоого арыздарды кабыл алуу башталганы жарыяланган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД