Эстрада жылдыздары аялдар абагында концерт тартуулашты

№2 аялдар абагында эстрада жылдыздарынын концерти болду. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын тарбиялык, социалдык жана психологиялык иштер башкармалыгы активдүү ишин улантууда.

Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 24-июлундагы №313 Жарлыгына ылайык (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 44 токтому менен бекитилген) "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 44 токтому менен бекитилген) Кыргызстанда 2021-2026-жылдарга карата инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы" кабыл алынган.

Ал эми бул мамлекеттик программага ылайык, ЖАК ар кандай иш-чаралардын кеңири планын иштеп чыккан. Тактап айтканда, кечээ Степное айылындагы №2 аялдар абагында эстрада жылдыздарынын катышуусунда соттолгондор үчүн чыныгы концерт уюштурулду. Көрүүчүлөр абдан ыраазы болушту.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД