
Кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жөө жүргүнчүнү сүзүп, ооруканага жеткирип, андан ары качып кеткен айдоочуну аныктады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 14-июлунда болжол менен саат 14:10 чамасында белгисиз айдоочу белгисиз авто унаа менен Жаш Гвардия жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен авто унааны артка айдап жатып, 1969-жылы туулган А.Н. аттуу жөө жүргүнчү аялды сүзүп, кийин ооруканага жеткирип, андан ары качып кеткен.
Бул факты боюнча кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары Деу-Нексия үлгүсүндөгү авто унаанын 1970-жылы туулган Т.З. аттуу айдоочусун аныктап, Бишкек ШИИББнин Жол кырсыктарын тергөө боюнча Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.