
Жазаларды аткаруу кызматы Ысык-Көл облусундагы жол кырсыгы тууралуу маалымат берди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 17-июль күнү саат 07:30дар чамасында №26 мекемесинин башчысынын орун басары, и/к подполковниги М.С.Т. мас абалында Kia-rio үлгүсүндөгү унааны (мамлекеттик номуру 05KG456AAJ) Балыкчы шаарынын 75-чакырымында айдап бараткан. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын чыгыш тарабындагы Каракол унаа жолунан каршы тилкеге чыгып, Кыргыз Республикасы ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлеринин токтоп турган унаалары менен кагылышып, жол кырсыгы катталган.
Киа-рио унаасында айдоочудан тышкары ЖАКнын №26 мекемесинин нөөмөт бөлүмүнүн башчысы, и/к майору И.Э.И. да болгон.
Бул факты боюнча Ысык-Көл районунун ички иштер бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-процессуалдык мыйзамдарынын чегинде чечим чыгарылат.
Ал арада КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн.
Анын жүрүшүндө жазык-аткаруу тутумунун эки кызматкери тең Ысык-Көл облусунда иш (кызмат) убактысынан тышкаркы жерде болушкандыгы аныкталып, ошондой эле алар ЖАКнын бир катар ченемдик укуктук жана ведомстволук актыларын бузгандыгын белгилей кетүү керек. .
Жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча, и/к подполковниги Т.М.С. жана и/к майору И.Э.И. ЖАКнын төрагасы, и/к генерал-майору А.Р.Эгембердиевдин буйругу менен Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун органдарындагы жана мекемелериндеги кызматынан бошотулуп, алардын түздөн-түз жетекчиси №26 мекеменин начальниги А. и/к майору Рымбеков Р.М. да дисциплинардык жоопкерчиликке тартылып, сөгүш жарыяланды.
"ЖАК кызматтык тартипти бузууларга жана тартип бузууларды жасоого чыдабайт. ЖАКнын тиешелүү бөлүмдөрү жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө жана жүрүм-турумуна дайыма көзөмөл жүргүзүп турат. Жазык-аткаруу тутумунун өздүк курамы менен иштөөдө жоопкерчиликтин сөзсүз түрдө принциби колдонулат. Ар бир факты боюнча кызматтык иликтөө же текшерүү жүргүзүлүп, ар бир күнөөлүү кызматкер дисциплинардык же кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Ушуга байланыштуу ЖАК жарандардан Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери тарабынан ар кандай мыйзам бузуулар жөнүндө билдирүүнү, ошондой эле арыздарды жана сунуштарды ЖАКнын борбордук аппаратына, ведомстволук https://gsin.gov.kg/ сайтына жөнөтүүнү суранат. же gsin@gsin.gov.kg электрондук почтасы; obwyiotdelgsin@mail.ru же учурдагы ишеним телефонуна (0312) 43-11-77 кайрылыңыз", - деп айтылат маалыматта.