
12 жаштан жогорку балдарда коронавирустун белгилери чоңдордогудай эле.
COVID-19га каршы Республикалык штабдан билдиришкендей, бул белгилер - кургак жөтөл, ангина, мурундун агышы, баш оору жана башка ковид белгилери:
• 37,5-38°C чейинки дене табы;
• мурундан суу агуу;
• тамак оору;
• жөтөл;
• баш оору.
Оорунун башка дагы белгилери болушу мүмкүн:
• булчуң оорусу;
• чарчоо
• алсыздык;
• кээде тамак сиңирүү начарлайт.
Омикрон менен коронавирустук инфекциянын мурунку варианттарына мүнөздүү жыт жана даамды жоготуу өтө сейрек кездешет.
Өзүңүздү жана жакындарыңызды оорунун оор кесепеттеринен сактаңыз.