COVID-19: Японияда бир күндө 110 миң 670 жаңы учур аныкталды

Японияда бир суткада коронавирустун 110 миң 670 жаңы учуру аныкталды. Кyodo маалымдагандай, пандемия башталгандан бери бул өлкөдө оорулардын санынын суткалык рекорддук өсүшү.

Буга чейинки өсүш февралда белгиленген, анда бир суткада коронавирусту 104 миң адам жугузган.

Инфекциянын рекорддук деңгээли бир эле учурда бир нече префектураларда катталган. Токиодо оорунун 18 919 жаңы учуру аныкталды. Бул өлкөдө бир жума мурда катталгандан дээрлик эки эсе көп. Бир суткада Япониянын баш калаасынын эки тургуну дартты жеңе алган жок.

Өлкөдө оорулардын санынын көбөйүшү "Омикрон" ВА.5 штаммынын өзгөчө жугуштуу түрүнүн таралышы менен байланыштуу.

Японияда пандемия башталгандан бери 10 миллиондон ашык адам

***

Россияда майдын аягынан бери алгачкы ирет COVID-19дун 4,6 миңден ашуун учуру аныкталган.

Бир сутка ичинде ыкчам штаб 115 миң адамды тестирлөөдө 4698 жаңы коронавирустук инфекцияны аныктады, деп билдирет ведомствонун Telegram баракчасы. Көрсөткүч 26-майдан бери биринчи жолу 4,7 миңге жакындады.

Ооруканаларга COVID-19 менен россиялыктардан 1314 адам түшкөн, бул 15 июлга салыштырмалуу 3,8% көп. 41 адам каза болуп, 2879 – сакайып чыккан.

Кечээ ыкчам штаб 124 миң тест алынгандан кийин COVID-19дун 4457 учуру аныкталганы тууралуу билдирген. Анда ооруканага 1238 адам түшкөн. 43 адам каза таап, 3090 россиялык айыккан.

РБКнын маалыматы боюнча, Россияда коронавирус илдети февраль айынан бери азайып, пандемия башталгандан берки эң төмөнкү деңгээлге июнь айына жеткен. 1-июлдан тарта Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо федералдык кызматы (Роспотребнадзор) өлкөдө коронавирустун бардык чектөөлөрүн алып салды, анткени кыш мезгилинен бери жумалык көрсөткүч 64 эседен ашык азайып, оору курч респиратордук оорулар түрүндө же симптомсуз түрдө жеңилдей баштаган.

Бирок, 10-июлга карата коронавирустун жайылуу деңгээли (бир бейтап оорулуу адам өз алдынча обочолонууга кеткенге чейин жуктуруп алган адамдардын саны) пандемиянын тарыхындагы эң жогорку көрсөткүчкө жетти.

Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо федералдык кызматы билдиргендей, Россияда COVID-19 омикрон вариантынын жаңы, кыйла жугуштуу варианттарынын үлүшү өсүүдө. Бирок алар анча оор эмес формада кездешет. Россиянын шаарларынын бийликтери тургундарга беткап тагынууну сунуштай башташты. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бардык өлкөлөрдү беткап тагынуу режимин кайтарып, калктын кеминде 70% эмдөөдөн өтүүгө чакырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД