Сузакта жол кырсыгынан эки айлык бөбөк чарчап калды

Жалал-Абад – Казарман унаа жолунун 33-чакырымында минивэн оор жүк ташуучу унааны сүзүп, оодарылып калган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кырсыктан эки айлык бөбөк чарчап калып, 14 адам ооруканага жеткирилген. Алардын ичинен алтоо чоңдор, сегизи балдар.

Алдын ала маалымат боюнча, жол кырсыгы минивэндин 35 жаштагы Т.А. аттуу айдоочусунун ылдамдыкты жана аралыкты сактабастыгынан улам болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД