Жогорку окуу жайлардын кошулуу процесси 1-сентябрга чейин бүтөт

"Жогорку окуу жайлардын кошулуу процесси жайы менен бүткөрүлүп, 1-сентябрдан баштап бирдиктүү гана белгиленген университеттер иш алып барып баштайт", - деп билдирди Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев маалымат жыйында.

Министрдин айтымында, жети жогорку окуу жай беш жогорку окуу жайдын тутумуна кирет.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, окуу жайлардын биригүүсүндө эч бир студенттин укугу тебеленбейт. Аларга биригип жаткан университеттердин дипломдору берилет. Мисалы, КМЮАнын студенттери КУУнун, КМКТАУнун студенттери КМТУнун дипломун алат", - деди министр.

Аталган жыйынга Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, министрдин орун басары Расул Абазбек уулу, министрликтин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибрагимов, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Садыков, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев катышты.

Белгилей кетсек, КРнын Президенти Садыр Жапаров 2022-жылдын 18-июлунда "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД