Ысык-Көлдө козу карын тергени кеткен өспүрүм дайынсыз болууда

Ысык-Көлдүн Барскоон капчыгайына 17 жаштагы А.Ж., аттуу бала козу карын тергени кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, өспүрүмдү издөөгө төрт куткаруучу, 10 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан төрт адам тартылган.

"Саат 03:15те издөө иштери убактылуу токтотулган. Издөө иштери бүгүн да улантылат", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД