
Кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасына 13 000 сомго айып салды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын малымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Анын билдиргенине караганда, текшерүү учурунда Тоголок Молдо көчөсүндө жолго жарык берген жарыктыктар өчүк болгондуктан, ал кемчиликтерди орундатуу боюнча 5 күн убакыт берген.
Бирок аталган ишкана бул талаптарды аткарбагандыктан кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү "Бишкек жарык" иш канасына Укук бузуулар кодексинин 434-беренесине (ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, жазма буйруктарын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу) ылайык 13 000 сом айып салышты.