Лейлекте мал сарайда жашынып, иштеп жүргөн чет өлкөнүн жараны кармалды

Лейлек районунун тоолордун биринде мал сарайда жашынып, иштеп жүргөн чет өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 18-июлунда Баткен ОИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чарасынын негизинде, Лейлек районунун тоолуу аймактарынын биринде чет өлкөнүн жараны 37жаштагы Н.А. аныкталып кармалды.

Ал Кыргыз Республикасынын кайтарууда турган мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүп, 2022-жылдын 2-июнунан бери Лейлек районунун тургуну 64 жаштагы Б.Инин мал сарайында жумуш кылып, жан багып жүргөндүгү аныкталды.

Бул факт Баткен ОИИБна Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 378-беренесинин (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде катталып, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Ал эми мыйзамсыз миграция иштерин уюштурган 64 жаштагы жарандын үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД