Жапаров, Токаев жана Мирзиёев кеме менен Ысык-Көлдө сейилдешти

Борбордук Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү Консультативдик жолугушуусунун алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кемеде сейилдеди. Сүрөттөрдү президенттин басма сөз кызматы таратты.

Белгилей кетсек, эртең, 21-июлда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусу өтөт.

Жолугушууга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД