
"Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасы калаа башчы Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасынын негизинде шаардагы эскирген троллейбус линияларын алмаштырууда.
Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, линияларды алмаштыруу 18-июлда башталган. Бир айдын ичинде эскирген линияларды алмаштыруу иштери аяктайт.
Мындан тышкары, троллейбус башкармалыгы шаардагы тирөөч мамыларды сырдап, көмөкчордондорду оңдоп-түзөөнү улантууда.