Кыргызстандык 5 студент Өзбекстанда магистратурада окуй алат

Өзбекстан Кыргызстанга 2022-2023-окуу жылында "Жибек жолу" эл аралык туризм жана маданий мурас университетинде магистратура программасы боюнча окууга гранттык негизде беш орун берет.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, документтерди тапшыруунун мөөнөтү 2022-жылдын 1-августунда аяктайт.

Арыз берүүчүлөр документтердин электрондук көчүрмөлөрүн кабыл алуу комиссиясынын admissions.univ-silkroad.uz сайтына жүктөөгө тийиш.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД