
ЖАКнын мекемелери Нельсон Манделанын туулган күнүн белгиледи. Айтмакчы, ал өзү 27 жыл түрмөдө отурган!
ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, кара континенттин эркиндиги жана Түштүк Африканы демократиялаштыруу үчүн эң атактуу күрөшүүчү 1918-жылы 18-июлда туулган. Бул дата БУУнун Башкы ассамблеясынын демилгеси менен 2010-жылдан бери дүйнө жүзүндө кеңири белгиленип келет. Бүткүл өмүрүн өнүгүүгүгө жана эркиндикке арнаган зор эмгегин дүйнөлүк коомчулук терең урматто менен баалап келет.
Мандела туткундуктун баасын өзгөчө жакшы билген – анткени ал 27 жыл катары менен саясий туткун катары темир тор артында отурган! Ал 1990-жылы гана бошотулуп, үч жылдан кийин Нельсонго Нобель Тынчтык сыйлыгы ыйгарылган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин, ал Түштүк Африканын биринчи жергиликтүү президенти болуп шайланган.
Адатка айлангандай эле Нельсон Манделанын эл аралык күнү да КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын ар кайсы мекемелеринде кеңири белгиленди. Иш-чаранын алкагында лекциялар, концерттер, поэзия окуулары жана спорттук мелдештер өткөрүлдү. Аларга кызматкерлер да, соттолгондор да катышышты. 2013-жылы Йоханнесбургдун четиндеги үйүндө 95 жашында каза болгон Манделанын укмуштуудай тагдырын ар дайым эстеп турушат.