АКШ президенти Жо Байден коронавирус жуктуруп алды

АКШ президенти Жо Байдендин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу АКШнын Ак үйүнүн билдиргенине таянып, чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Байден оорунун жеңил белгилери менен обочолонуу режимине өттү жана кызматкерлер менен телефондо сүйлөшүп, белгиленген жолугушууларга видеобайланыш аркылуу катышып, аралыктан иштеп жатат.

Президент коронавирус тести терс чыккандан кийин гана бетме-бет жолугушууларга кайтып келет.

13-16-июль аралыгында Байден Жакынкы Чыгышта болгон. Ал Израилге, Палестина автономиясына жана Сауд Арабиясына барып, бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, башка иш-чараларга катышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД