
Нарын РИИБдин жетекчилиги милициянын көчмө кабылдамасы менен айыл аймактарды кыдырууда. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 21-июль күнү Нарын РИИБдин жетекчилиги Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылында жай мезгили болгондугуна байланыштуу жаш өспүрүмдөр ата- энесинин жана чон адамдардын көзөмөлү жок көлмөлөрдө, каналдарда өз алдынча сууга түшүшүп, ар кандай кырсыктарга жана сууга түшүп чөгүп кетүү коркунучтарына кабылган учурлар болгондуктан, өспүрүмдөр арасында профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле агымы күчтүү суулардын жээктерине эскертүү такталарын орнотуу менен милициянын көчмө кабылдамасы аркылуу жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ар кандай кылмыш кырсыктардын алдын алуу максатында Нарын районун аймагында тиешелүү деңгээлде иштер жүргүзүлүп келинүүдө.
Мындан тышкары Нарын РИИБдин жетекчилиги Нарын районунун Жан-Булак айылында милициянын көчмө кабылдамасы менен жеринде дин боюнча айыл тургундарына жана башка жактардан келген дааватчыларга мыйзамдуулукту түшүндүрүү менен иш алып барылууда.